Menu

Атамбаев: Сапар Исаковдун камалганы – бул Раим Матраимов үчүн өч алуу

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев “Апрель” телеканалына берген интервьюсунда “экс-премьер-министр Сапар Исаковдун  камалышы  – бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Раим Матраимов үчүн алган өч” деп билдирди.  Анын ою боюнча, “отургузуу” – бул көрсөткүч эмес. Күнөөсүз Исаков жана Кулматовдун камалышын актоо үчүн  гана ЖЭБтин ишине байланыштуу бир топ чиновниктерди камакка алынды.  Мунун баары  паракорчулук менен күрөшүү  иштерине жөн гана кургак  көргөзмө.

“Кулматов жана Исаков эмне үчүн камалгандыгы тууралуу чындыкты айтам. Анткени, Сапар Исаков Жээнбековдун суранганына карабастан, Раим Матраимовду  жумуштан алган.  Исаковдун камалганы – Матраимов үчүн өч алгандыгы.  Ал эми Кулматовду эмне үчүн абакка камады? Ал бажы кызматын  Матраимовдун адамдарынан сактаганыдыгы үчүн. Оштогу бажы кызматында бир күн ичинде төлөмдөр 10 эсеге көбөйгөн, эсиңердеби? Бул чоң акча. Мына ушул үчүн Кулматовду камакка алды.  Бул – Матраимов үчүн өч алуусу ”, -деди А.Атамбаев.

Эске салсак, Сапар Исаков тарабынан ишенбестик болгондугу үчүн, 2017-жылдын ноябрь айында Раим Матраимов бажы тармагындагы жетекчилик кызматтан алынган болчу.

Кыргызчалаган: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: