Өзбекстанда тыюу салынган «Хизб-ут-Тахрир» диний партиясынын алгачкы жетекчилеринин бири Хафизулло Насыров уюмдун катарынан чыкканын билдирди.
Хафизулло Насыров 1997-1999-жылдары «Хизб-ут-Тахрир» диний партиясынын Өзбекстандагы бөлүмүнүн «эмири» болуп эсептелген. Ал 1999-жылы 16-февралда Ташкенттеги кош жардыруулардан кийин камалып, 2000-жылы мартта жыйырма жылга соттолгон.
Х.Насыров партиянын катарынан чыкканы тууралуу тилектештерине видеокайрылуу жолдогон. Маалыматтарга караганда, ал укук коргоо кызматкерлеринин катышуусунда жазылган.
Хафизулло Насыров түрмөдө жатып көп ойлонгонун, «Хизб-ут-Тахрирдин» программасы туура эместигин аңдаганын айткан.
«Баарыңар билгиле, Хизб – бул дин эмес. Хизбден чыгуу – исламдан чыгуу же мазхабды алмаштыруу сыяктуу коркунучтуу иш эмес. «Хизб-ут-Тахрир» өз ишмердүүлүгүндө көптөгөн диний эрежелерди көз жаздымда калтырып, көбүнчө саясий маселелерге көңүл бурууда. Саясий маселелерди ал баарынан бийик коет. Эч кимге жашыруун эмес, мындай аракеттер арбын көйгөйлөрдү жаратты. Мен көптөгөн адамдардын тагдырына жоопкерчиликсиз мамиле жасаганымды аңдагандан кийин өтө жаман абалда калдым», – деген ал.
Буга чейин «экс-эмирдин» туугандары Хафизулла Насыров жазында түрмөдөн чыгышы мүмкүн экендигин билдиришкен.
Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүндө тыюу салынган «Хизб-ут-Тахрир» диний партиясынын негизги максаты «Халифат» түзүү болуп эсептелет.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ