Menu

Аликбек Жекшенкулов, экс-министр: «Бет тырмоонун да чеги болот. Бүгүнкү сабатсыз бийлик «кара пиар» менен өлкөнүн имиджине зыян келтирүүдө»

Бөлүшүү:

Сиздер Унгар-Тоо боюнча ЖМКларга жарыяланган материалдарды окусаңыздар керек, бийлик өзүнүн аракетсиздигин жана алсыздыгын акташ үчүн өз күнөөсүн дагы бирөөлөргө оодара салууга аракет жасоодо. Мен сабатсыз чиновниктер менен талашка түшкүм келбейт, бирок, өз көз карашымды билдирип коюуну чечтим.

Биринчиден, эгер протоколдордун көчүрмөсүнө кылдат баам салсаңыз, ал жерде чек аралар боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын төрагасынын колу турат, министрдин бул ишти көзөмөлдөгөнгө укугу жок.

Экинчиден, Кыргызстандын алдыңкы адистеринин архивдик материалдарга таянып билдиргенине караганда, Унгар-Тоо маселеси 60-жылдары, А.Суеркулов Кыргыз ССРнин Министрлер советинин төрагасы, Т.Кулатов Жогорку Советтин төрагасы болуп турган мезгилде чечилген, бирок, акыркы чечим эки эгемен өлкөнүн жетекчилери тарабынан мамлекеттер аралык келишимге кол коюлуп, ратификациялоодон өткөндөн кийин гана кабыл алынат.

Үчүнчүдөн, азыркы учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо тууралуу мамлекеттер аралык келишимге кол коюла элек, андыктан, Унгар-Тоо маселесин да али чечиле элек деп эсептеш керек. Ошондуктан, дагы бир жолу белгилеп койгум келет, Унгар-Тоону Өзбекстандын аймагы катары эсептөөгө болбойт.

Төртүнчүдөн, заказ макалалардын жана теле берүүлөрдүн авторлору дипломатиядан такыр кабары жок, алардын материалдары да эл аралык мамилелерден, тышкы саясый чечимдерди кабыл алуу процедураларынан кабары жок кишилерге багытталган.

ТИМдин милдети мамлекеттер аралык жана эл аралык маселелерди чечүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү. 2006-жылы Кыргыз ТИМи кыргыз-өзбек мамилелерин жакшыртуу үчүн баардык кадамдарды жасады, тилекке каршы, акыркы жылдарда же президенттин, же премьер-министрдин, же ТИМдин жетекчисинин бир да эки тараптуу расмий иш сапары жасалган жок. Он жыл өттү, эч кандай жылыш жок, анан буга мен күнөөлүүмүнбү?

Бешинчиден, мен ушул жылдын жазында айткан сөзүмдү дагы бир ирет кайталагым келет, өзүңөрдүн “кара пиарыңар менен” силер кыргыз-өзбек мамилелерине, өлкөнүн имиджине зыян келтирип жатасыңар. Дипломатиялык практикада баардык макалалар окулуп, анализден өткөрүлүп, тыянак чыгарылат. Мына ошондуктан, демагогияны, душман издегенди токтотуп, Өзбекстан менен гана эмес, Тажикстан менен да чек ара маселелерин жөнгө салуу боюнча  шашылыш чараларды көрүү зарыл.

Тилекке каршы, азыркы бийлик акыркы алты жылда кошуналар менен мамилени реалдуу жакшырта албады. Прагматикалык саясат жана дипломатия менен шугулдангандын ордуна өзүнүн сүйлөшүүгө жөндөмсүздүгүн көргөзүп, коомчулуктун көңүлүн алагды кылууга, чек арадагы кыйын кырдаал үчүн жоопкерчиликтен качууга, күнөөнү башка бирөөлөргө оодара салууга аракет жасашууда.

Мамлекеттик адам катары мен дагы бир жолу биз баардык кошуналарыбыз менен биртууган элдербиз, бизди жалпы тарых, маданият, дин, атүгүл окшош менталитет бириктирип турат деп айткым келет. Биздин алдыбызда жалпы глобалдык жана регионалдык чакырыктар турат. Жакшы кошуналык, тең укуктуу жана өз ара пайдалуу мамилени түзүү биздин улуттук кызыкчылыктарыбызга төп келет.

Аликбек Жекшенкулов, экс-Тышкы иштер министри

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: