Өмүрбек Текебаевдин бизнеси токтойт. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Садыр Жапаровдун тарапташы Мелис Аспеков Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.
“Кыскасы партия деген балээ жок болот, Текебаевдин бизнеси токтойт, сапатсыз депутаттар келбейт. Кыйын болсоң, өзүңдүн жериңден, өзүңдүн элиңден шайланып кел” – деп жазган ал.
Мелис Аспеков – “Мекенчил” партиясынын мүчөсү. Ал көптөгөн саясий акцияларга жана митингдерге активдүү катышып келет. Алдыдагы президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун Чүй облусундагы шайлоо штабын жетектейт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ