Ош облусунун Кара-Суу районунда тойдон кийин ууланган он адам доктурга жаткырылды. Бул жөнүндө саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, бардыгы тойдон кийин ууланышкандыгы тастыкталды. Алардын төртөө – 2015 жылы туулган балдар. Доктурлар булардын саламатчылыгы жайында экендигин айтып жатышат. Ушул тапта уулануунун себептери кең-кесири такташтырылып жатат. Ал эми Саламаттыкты сактоо министирлиги кошумчалагандай, бул фактынын негизинде доктурга кайрылгандардын саны улам эле арбып баратат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Ош шаары
Булак: Майдан.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ