Айрымдар ойлонбой, же ал кишинин таржымалын жакшы билбей туруп эле асмандата бирдемкелерди чиймелей беришет. Маселен, Ибрагим Жунусовду көбү илгерки обончу, ырчы катары сыпатташканы туура эмес. Жылдар өткөн сайын дээринде барлар өйдө карай өсүшөт. Мына ошондой даражага бул кишини жетти дешке эмне жолтоо болмок эле?
Төрт жыл бою Турцияда Кыргызстандын элчиси болуп кызматын өтөгөн Жунусовдун чеки иштерин көргөн, уккан жокпуз. Ушул өлкөнүн биринчи адамы да обончунун ырларына таасирленчү. Ошондуктан эриш-аркак иш жүргөнүнө күбө болдук. Мөөнөтү аяктаган соң аны өкмөт тарап Өзбекстанга элчиликке сунуштады эле, парламенттегилер колдоп беришти. Демек, мындан ары Ибрагим мырза кайрадан көндүм болгон жумушун аркалайт. Бала чактан өзбектер менен аралашып өскөн, бул элдин аки-чүкүсүн жакындан билген элчиге анча кыйынчылык жаралбасына ынаным бар. Ишке көзү каныгып калган элчи мамлекеттин зоболосун көтөрүүгө аракетин чегерет десек деле болот, же андай эмеспи?
Булак: “Ачык сөз”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ