Баткен районунун Кан айылында жаңы мектеп ачылып, иштеп баштады. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдилазиз Заитов:” Мурдагы мектеп авариялык абалда болчу. Ал 1989-жылы ашар жолу менен курулган, жалпысынан 200 окуучуга ылайыкталган мектеп эле, бирок анда 350 бала билим алчу”, – деп билдирген.
Жаңы ачылган мектеп 2016-жылы курулуп башталган. Курулушка жалпысынан 37 милиион сом сапрталган. 225 окуучу орун менен камсыз болуп, азыркы убакта 228 окуучу билим алууда.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ