Menu

Атыр Абдрахматова, БШК мүчөсү: “Мэрди шайлоо шаар кеңешинин сессиясында өтпөгөн болсо, анда ал мыйзамсыз болушу мүмкүн”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2017-жылдын 14-январында БШКнын жумушчу тобу Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер болгон Нурдин Абдылдаевдин мэр шайлоо протоколдорун жараксыз деп табуу боюнча БШКга жолдогон арызын карады.

Жумушчу топтун 5 мүчөсүнүн 4ү Н.Абдылдаевдин арызын четке кагуу боюнча добуш беришти, бирөө – Атыр Абдрахматова калыс добушун берди. А.Абдрахматова мэр шайлоосунун мыйзамдуу болушунан шек санады, анткени Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов жана БШК мүчөсү Бахтияр Кадыров жумушчу топтун отурумунда мэр шайлоо учурунда Бишкек шаардык кеңештин сессиясы өткөн эмес, деп айтышкан.

Абдрахматова Бишкек шаарынын мэри шаар кеңешинин сессиясында шайланышы керекпи деген маселени КР ЖКнин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖК Регламенти боюнча комитеттин кароосуна жөнөтүүнү сунуштады.

Ошондой эле мэрди шайлоо учурунда депутаттар добуш берген бюллетендерди карап чыгууну да сунуш кылды. Бул эки сунуш тең жумушчу топтун калган мүчөлөрү тарабынан колдоо тапкан жок.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: