2019-жылдын 30-декабрында Ош шаарында жалгыз жүргөн 2 жашар кыздын энесин милиция кызматкерлери кармашты. Бул тууралуу Ош шаарынын ИИББнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтар боюнча, ал бүгүн кармалган. Сурак учурунда 27 жаштагы жаш келин 30-декабрь күнү спирт ичимдигин ичип, Ош филармониясынын жанында уктап калганын айткан. Эненин айтымында 2 жашар кыз өзү кетип калган.
Эске сала кетсек, Ош шаарынын тургундары Курманжан датка көчөсүнөн жалгыз жүргөн эки жашар кызды таап алышкан. Буга чейин бөбөктүн ата-энесин жана туугандарын милиция издеп жаткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ