Токтогул районунун Үч-Терек айылынын ууздары эми жүндү заманбап жабдуу менен иштетип башташты. Буга чейин кол менен жасап кыйынчылык тартып келишкен. Анткени жумушчу күч менен көп убакыт талап кылынчу.
Мындан улам айыл тургуну Уулкан Мамбетахунова 400 миң сомго койдун жүнүн иштеткен жабдуу сатып алган. Орусиядан алынып келинген аппарат, бүт айылдыктарга кызмат кылууда.
“Жүндү тытыш үчүн көп адам иштеш керек. Ошого Бишкектен даярын эле сатып келчүмүн. Ошого интернеттен карап, ушул аппаратты сатып алдык. Бул айылдагы баардык эле койлордун жүнүн тытып, ийге келтире алат”,- дейт Уулкан Мамбетахунова.
Ал кошумчалагандай мурда айылдагы койлордун жүндөрү өрттөлүп, же таштандыга ыргытылчу. Анткени аны иштетүү кыйынга турган. Эми бул аппарат саатына 7 килограм жүндү ийге келтирет.
Учурда үйгө керектүү буюмдар менен гана чектелбей, унаалар үчүн жүндөн даярдалган төшөнчүлөрдү да даярдашууда. Алар экологиялык таза продукциядан болгондуктан сатып алган кардарлары арбын. Уулкан Мамбетахунова кошумчалгандай алдыда мындай аппараттан дагы алып келип, жүндү иштетүүчү ири ишкана ачууну пландап жатат.
https://youtu.be/Ejrr_bnw0Vk
Булак: «Жаңы Ордо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ