Ош облустук прокуратурасынын коррупцияны алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Улук Өмүрзаков Баткен облустук прокуратурасына которулду.
Бул тууралуу кечээ, 26-ноябрь күнү Генпрокуратура маалымдаган. Бул адаттагы алмашуу экендиги айтылып, бирок Улук Өмүрзаковду кайсы кызматка дайындалгандыгы тууралуу белгилеген эмес.
Облусттун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнөн кийин Баткен облусунун райондук бөлүмдүн эки жетекчиси жана облусттук прокурордун эки орун басары иштен бошотулган.
Кылмышка шектүү делген Мелис Калыков 2 айга камакка алынып, учурда аңчылыкка А.Мамажакыпов менен чогуу барган прокурорлор сурак берүүдө.
Азыркы убакта Баткен облусунун прокурорунун милдетин Ороз Бердибаев аткарууда.
Улук Өмүрзаков Ички иштер министринин биринчи орун басары, генерал Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси жана Оштогу бейбашчылык менен чуулгандуу “Мухаммед-Умар” жеке менчик спорт клубдун жетекчиси.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ