Menu

Оштогу бейбашчылык менен чуулгандуу спортклубдун башчысы Улук Өмүрзаков Баткен облустук прокуратурасына которулду

Бөлүшүү:

Ош облустук прокуратурасынын коррупцияны алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Улук Өмүрзаков Баткен облустук прокуратурасына которулду.

Бул тууралуу кечээ, 26-ноябрь күнү  Генпрокуратура маалымдаган.   Бул адаттагы алмашуу экендиги айтылып, бирок Улук Өмүрзаковду кайсы кызматка дайындалгандыгы тууралуу белгилеген эмес.

Облусттун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнөн кийин Баткен облусунун райондук бөлүмдүн эки жетекчиси жана облусттук прокурордун эки орун басары иштен   бошотулган.

Кылмышка шектүү делген Мелис Калыков 2 айга камакка алынып, учурда аңчылыкка А.Мамажакыпов менен чогуу барган прокурорлор сурак берүүдө.

Азыркы убакта Баткен облусунун прокурорунун милдетин  Ороз Бердибаев аткарууда.

Улук Өмүрзаков Ички иштер министринин биринчи орун басары, генерал Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси жана Оштогу бейбашчылык менен чуулгандуу “Мухаммед-Умар” жеке менчик спорт клубдун жетекчиси.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: