Кыргыз Республикасынын каржы министри Адылбек Касымалиевдин айлык маянасы 24 миң сомду түзөт. Бул тууралуу министрлик маалымдаган.
Мекеменин берген маалыматына ылайык, Каржы министрлигинин:
– борбордук аппаратынын кызматкерлери орточо – 12 миң 250 сом;
– жергиликтүү башкармалыгынын кызматкерлери орточо – 8 миң сом айлык акы алат.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-мартындагы токтомуна ылайык, кызматкерлердин эмгек стажына жараша ай сайын маянасына кошумча акча каралган.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ