Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Отурумда депутат Таалайбек Масабиров мектеп окуучуларынын сабак учурунда айфон, смартфондорду колдонуусу боюнча маселени көтөрдү.
“Ар бир мектептин уставы бар. Ата-энелердин жана мугалимдердин уруксаты менен жыйналыш өткөрүп, телефондорду жыйнап алуу эрежесин уставга киргизсек жакшы болмок. Себеби, балдар сабак учурунда ар кандай оюндарды ойношуп, психологиялык жактан жабыр тартып жатышат. Мындан тышкары, телефонду тынымсыз колдонуу ден-соолукка да зыян экенин окумуштуулар далилдеп чыгышкан. Билим берүү министрлиги ушул нерсени көзөмөлгө алса жакшы болмок”, – деди депутат.
Ошондой эле, ал менчик мектептерде телефондорду алып коюу эрежелери бар экендигин кошумчалады.
Ал эми отурумдун күн тартиби боюнча, бүгүн парламентте “2017-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү отчётту бекитүү тууралуу”, ошондой эле, “2019-жылдын республикалык бюджети жана бюджеттин 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзам долбоорлору каралып, бир катар маселелер талкууланып жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ