Menu

Жумакадыр Акенеев, экс-министр: “Назарбаевден кечирим сурабай эле кырдаалдан чыгып кетебиз”

Бөлүшүү:

– Жумакадыр мырза, Казакстан менен болгон мамиленин айынан кыргыз-казак ишкерлери жала жалпы эл бирдей жабыркап жатат. Мунун өзү илең-салаң экономикабыз үчүн чоң сокку болду. Кырдаалдан чыгыш үчүн ушул маселенин альтернативдүү жолун издешибиз керек беле?

– Бул жерде көбүнчө саясат кошулуп кетти. Бүгүнкү күнү автоунаалар мурунку шартта эле өтүп жатат. Бирок, бир айга жакын токтотуу сөзсүз түрдө экономикага өзүнүн залакасын тийгизди. Алдан сырткары, ЕАЭБге дагы чоң сокку болду. Бул долбоор Казакстандын президентинин долбоору болуп эсептелчү. Эми мындан ары сөзсүз түрдө биз башка дагы жолдорду издешибиз керек. Мисалы, азыр Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан аркылуу альтернативдик товар өтчү жолдор каралып жатат.

– Биз мындай кырдаалдан эл башы Нурсултан Назарбаевден кечирим суроо аркылуу гана чыгабыз да ээ?

– Жо-ок. Эч кандай кечирим сурабай эле чыгып кетебиз. Биздин товарлар Казакстанга абдан керек. Азыр ал жерде
эт-сүткө абдан чоң тартыштык болуп жатат. Эгер биз өзүбүздүн эт-сүтүбүздү башка жакка алып кетсек, ал жерде элдин арасында чоң нааразычылык болуп кетиши мүмкүн. Ошон үчүн азыр жолдор ачылып жатат. Бирок, биз баары бир жаңы жолдорду тынымсыз издеш керекпиз.

-Жумакадыр мырза, азыр доллардын курсу көтөрүлүп жатат. Биздеги доллардын курсунун көтөрүлүшү экономикабызга кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

– Мен ойлойм, бул убактылуу көрсөткүч. Бизде тиешелүү деңгээлде валюттук запастарыбыз бар. Долларды өзүнүн калыбына алып келиш үчүн Улуттук банктын күчү жетет.

– Улуттук банкка түбү тарыхчы челнокчу, бажыда иштеген, банк тармагында мурда-кийин тыңгылыктуу билбеген жетекчи отурса, доллардын кунун тизгиндөөгө күчү жетеби?

– Ал жерде андан башка деле күчтүү адистер бар. Кубанычбек Кулматов деле азыркы болуп жаткан өзгөрүүлөрдү жакшы түшүнөт.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: