1-январь күнү Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга мамлекетиндеги бардык пенсионерлердин кредитин төлөп берүүнү убада кылды. Бул тууралуу Монголия президенттин расмий сайтына жарыяланды.
Алардын маалыматына караганда, пенсионерлердин кредитин төлөп берүүнү президент жаңы жылдык куттуктоосунда билдирген. Пенсионерлердин саны 380 миңдин тегерегинде, алардын жарымынан көбү банктардан насыя алган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ