Шаршембидеги парламенттин жалпы отурумунда депутаттар мамлекеттик обьектилерди менчиктештирүү тууралуу жаңы мыйзам долбоорун талдап жатышканда, депутаттар аталган мыйзамдын долбооруна «эмнеге», анан «андай-мындай», «каршымын» деген сыяктуу кептерин айтып кыйгачтай бергенинде экономика министринин орун басары Элдар Абакиров «Кыргызстанда жакшы чарбачыл адам жок» деп салды. Төрдө олтурган төрага шибеге менен сайгандай чочуп, замминистирдин айткан сөзү үчүн ошол жерден кечирим суроону талап кылса болобу. Төрага Жумабековдун пикиринде «Абакировдун мындай билдирүү жасоого укугу жок» экен. «Сизге мындай укукту ким берди? Саясатка кийлигишпеңиз!»-деп кирсе болобу.
Спикер менен министрдин орун басарынын ортосундагы кайым айтыш маммүлктү сатууга карата сындуу көз карашын билдирген депутат Ирина Карамушкинанын пикиринен кийин башталып кетти. 120лардын башчысынын опурулганына Карамушкина да жөн отурган жок, депутат айым «жаш кадрларды урушпаш керектигин» билдирип, Абакировго болушуп чыкты. «Алар да кырдаалды байкашат. Алар чындыгында бир нерсени жакшы жакка өзгөрткүлөрү келишет. Бирок колдоо сөзүн айтуунун ордуна тескерисинче биз аларга этиканы бузуу жана кызматтык ыйгарымдарынан аша чаап жатышканы тууралуу айтып атабыз. Биз ылайыктууларды өстүрүп жатабыз. Жаш кадрлар мамлекеттик кызматка келип, тынч отурушат, анткени ашыкча бир нерсе айтып алуудан коркушат», деди Карамушкина.
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ