Menu

Дубанды дүңгүрөткөн тогуз күн

Бөлүшүү:

Байыркы Ош шаары эгемендүүлүк келгени көп жабыркады. Борбордо болгон окуянын залакасы түз эле Ош шаарын өрткө каптады. Күнөөсүз өмүрлөр кыйылды, улут аралык жаңжал чыгып, эки элдин мамилесине доо кетти. Ошентип эки ирет жабыркаган шаар кайрадан тиричилигин улантып, өткөндүн жаралары аздап айыгып жатат.

Акыркы окуядан кийин Оштун калкы өткөндөн туура сабак алып, ар кандай чагымчыл аракеттерден оолак болушуп, ынтымакка бет алган түрү бар. Соңку 6 жылда түштүктө жашаган өзбек улуту жапырт кыргыз тилинде сүйлөгөнгө аракет кылышып, көпчүлүгү кыргыз тилин таптаза билип калышты. «Тил билсең дил билесин»  демекчи бул аракет эки элдин ынтымагын чыңдоого кадыресе салым кошуп жатат. Айрыкча жаштар мыкты сүйлөп калган. Ошону менен катар өзбек улутунун өздөрүнүн орто мектептери, театры, улуттук каада-салтын өнүктүрүү үчүн маданий уюмдары такай иш алып барат. Түштүктө мамлекеттик кызматкерлердин 15 пайызы өзбек улутунан. Ал эми милицияда 20 пайыз болсо, калган мамлекеттик түзүмдөрдө 5 пайыздан жогору. Оштогу өзбек улутунун өкүлдөрүнө жакындап маалымат алууга болгон аракетибизден эч бир майнап чыкпады. «Биз дайыма эл оозунда жүргөн Кадыржан Батыров, Иномжан Абдырасуловдор себеп болгон июнь каргашасынан кийин бир гана тынч жашоону каалап калганбыз» деп айтышат. Ош шаарын тар деп айтууга болбойт. Болгону шаардын как ортосу менен Сулайман тоону тегеректеген эски тамдарды, мыйзамсыз курулуштардын ордуна заманбап үйлөрдү салып ирелештирсе шаар болуп көрбөгөндөй кеңейет. Ош шаарынын аймагындагы мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен жалпы аянты 57629,5 чарчы метр жер тилкелери муниципалдык менчикке кайтарылган. Мисалы, “Айдар-Ата”ашканасы, И.Раззаков атындагы эс алуу багы, “Алтын балык”, “Теремок”,   “Арал” эс алуу жайлары мамлекеттин эсебине өттү. Башта мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткен жерлер мыйзамдын негизинде толугу менен мамлекетке кайтарылып алынып, элдин пайдалануусуна бериле турганын Ош шаарынын мэриясы убадалайт. Бирок шаарда башаламан курулуштар бир кезде абдан көп жүргүзүлгөндүктөн дагы тактоого туура келет.

Таксисттин баяны

жол дептер 3Бактыга жараша бизди Аксыга алып бараткан таксист сөзмөр чыкты. Чү деген эле жерден сөздү чек арадагы абалды талкуулагандан баштадык. Ар дайым ар түрдүү эл ташыган жигит абалды өкмөттүн катасы деп баалады. «Кантип эле өзбектерге эч бир тиешеси жок атам замандан бери кыргыз каттаган Аксы-Ала-Бука жолун тосуп салышсын. Бул жерде бийлик бир жеринен жаңылып, сөзүндө турган эмес» деп буулугат. «Акыркы кезде турмуш начарлап кетти. Россияда дагы жумуш жок экен. Ал жакка баргандар да наалып жатат. Өткөндө аэропорттон төртөөнү алып келдим эле жол кирени бул жактан издеп таап беришти. Бул жерде болгон байлыгыбыз мал дагы арзан. Керели кечке адам ташып оокат кылам. Бирин- серин туруктуу иш алып барган ишкерлердин гана табылгасы жакшы болбосо, калган карапайым элдин баарынын жашоосу окшош. Бирөө баласын окутам деп акча издесе, бирөө кара курсагына акча издейт. Баарынан да жалданып иштегендер көп. Курулуш, ремонт иштерин жүргүзгөн жаштарга да баягыдай жумуш жок» деп жалаң жетишпестик менен көр оокатты баяндап барды.

Түштүктө кырдаал дале кооптуу 

Бирок коопсуздук жагынан түштүк аймак дале кооптуу бойдон калууда. Анын эң башкысы диний радикалдык уюмдардын көбөйүшү. Жакында эле Кара-Суу районунда жалаң аялдардын тобунан турган экстремисттик уюмдун мүчөлөрү кармалды. Эгер өтө активдүү иштеп жаткан эки миңден ашуун экстремисттик топтун мүчөлөрү болсо анын тең жарымынан көбү түштүк аймактын жарандары. Чындыгында илгертеден бери эле дин маселеси Ошто катуу өнүккөн. Айрыкча жаштардын жалаң динге берилип, светтик билимден куржалак калышы да ушул тарапта басымдуу. Сирияга согушуу үчүн кеткендердин да 80 пайыздан ашууну түштүктүн жарандары. Негизинен Сирияга азгырылгандардын көпчүлүгү Кара-Суу, Өзгөн, Араван, Ош жана Кызыл-Кыя шаарларынан. Эгер жалпы Фергана аймагына диний экстремисттик уюмдар бүлүк сала турган болсо жогорудагы район, шаарлар кооптуу болуп, ал уюмдарга биздеги экстремисттик уюмдар кошулуп кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан коопсуздук маселесинде түштүк аймакка өзгөчө мамиле керек. Акыркы эле жылдары «Хизб ут-Тахрир» жол дептер1уюмуна мүчө деген айып менен жүздөгөн жарандар милиция тарабынан кармалган. Бирок бул иштерге жооп катары Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн алдына ушул жылдын 19-февралында 500гө жакын эркектер чогулуп, алдыңкы катарда 40 эркек өзөрүнүн колдорун кишендеп, «Мени да кама» деп келишкен. Аларды милиция имаратына кийирген эмес. Нааразылык өткөргөн эркектер милиция тыюу салынган уюмга мүчөсүң деген шылтоо менен күнөөсүз балдарды камап жатканын айтышкан. Ал эми бул акцияны «Хизб ут-Тахрир» мүчөлөрү биз өткөрдүк деп өздөрүнө жоопкерчилик алганын айтып чыгышкан. Алар «Бизди түрмө, сот менен коркута албайсыңар. Чыныгы сот Аллахтын соту» деп жооп беришкен. Көрүнүп тургандай Ош шаарынын тегерегиндеги район, шаарларда «Хизб ут-Тахрир» 20 жылдан бери тыйылбай келет. Тыйылмак турсун чаламандын чак түшүндө, болгондо да милиция имаратынын жанында нааразылык акциясын өткөрүп жатат. Аларды четинен камаган сайын күч алып барат. Ал турсун бул уюм бүт Кыргызстанды жөө тумандай каптап салды. Азыр анын мүчөлөрү Кыргызстандын жети дубанында өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Эгер Ошто жети жүзгө жакын мечит болсо, анын эки жүзгө жакыны мыйзамсыз иш алып барат. Ал эми жеке молдолордун колунда да медресе деген шылтоо менен диний билим берип жаткан жеке үйлөр өтө көп.

Борборду Ошко көчүрүү турмуштун зарылчылыгы

Борборду Ош шаарына көчүрүү тууралуу коомчулукта анда-санда сөз болуп калат. Бул өлкөнүн туруктуулугу үчүн абдан керек экенин ырастаган жүйөлөр айтылса да бул маселе ар дайым бийликтин көңүл сыртында калып келет. Бир кезде ушул эле «Жаңы Агым» гезитине маркум журналист Алым Токтомушев «Ошту кантип Ошингтонго айландырабыз» деген  абдан көлөмдүү макаласын басып, анын зарылдыгын көзгө сайгандай көрсөткөн. Эгер ага көңүл бурулуп, аз аздан болсо да аракеттер көрүлсө бүгүнкү күнгө чейин түштүктөгү борбордун пайдубалы түзүлүп калмак. Жок дегенде Чек ара кызматы менен Коргоо министрлигин, борбордун чет жакасында жайгашкан аскер гарнизондорун, аскердик окуу жайды Ошко көчүрсө туура болмок. Кечээ Өзбекстандын чек арачылары Аксы-Ала-Бука жолун тоскондо кошуналарга сес көрсөтүүгө кыргыз армиясынан эки БТР барса бир БТРдин дөңгөлөгү 8 санынын формасындай болуп калтырап, майышып барганда кыргыз аскерлери калып эле карап турган эл уят болгонун айтат.  Россия 2 миллиард долларга аскер техникасын беребиз деп убада бергенине көп болду. Берем деген соң артынан сая түшүп ошол техникалардын баарын түштүктөгү чек арага жайгаштырып,  ылаажысы болсо Россиянын алдыңкы тик учактары жана аскер самолеттору менен камсыз кылуу зарыл. Азыркы учурда Борбор Азиядагы кырдаал абдан эле кооптуу болуп турат. Эгер кичине эле Фергана өрөөнүнөн өрт тутанса Кыргызстан азыркы абалы менен абдан эле кооптуу кырдаалда калат. Анан эч шылтоо таппай ШКУ менен ЖККУ айыптап кала беребиз. Учурда ИГИЛ менен күрөшүп жатабыз деп Түркия да, Франция менен АКШ, Россия Сирия менен Ирактын аймагын асмандан бомбалап жатат. Эртең эле бизде да ошондой кырдаал түзүлсө Өзбекстан баш болуп, исламчылар менен күрөшүп жатабыз деген шылтоо менен кыргыз аймагын бомбалабайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ансыз деле 1999-жылы эл аралык террористтер Кыргызстандын аймагына киргенде Өзбекстан Алайдын Кара-Тейит айылын самолеттон бомбалап салганы элдин эсинде. Учурда өзбек-кыргыз чек арасында жүздөгөн чакырым талаштуу аймак болсо анын баары эле тынчтык жолунда чечилип калат дегенге ишеним жок. Кытайдын, казактын көзүн кызарткан кыргыз жери өзбектин да көзүн кызартат. Борборду Ошко көчүрүү менен чек ара талаштарын оңой чечип, кубаттуу мамлекет экенибизди да далилдемекпиз.

Чек ара чечилмейинче коопсуздук чечилбейт

Шаардын соода тармагы акыркы бир жылда кескин азайып кеткен. Мурдагы кайнаган Кара-Суу базары да дымый түшкөндөй. Муну жергиликтүү эл Россиядан акчанын аз келип жатышы жана Өзбекстанга товардын аз өтүп жатышы менен түшүндүрүшөт.  Бирок Ош жана Жалал-Абад облустарында Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда контробандалык товар өткөрүү кан буугандай токтоду деп айтканга такыр болбойт. Ырас, Өзбекстан акыркы он жылда чек арасын тикенек менен тосуп, болбой баратса аң казып чыкты. Бирок талаштуу аймак деген жерлерди калтырып кетишкен. Биринчиден, андай жерлерде эки өлкөнүн айылдары абдан жакын жайгашкан. Мисалы, ошол эле Аксы районунун борбору Кербен айылы Өзбекстандын айылы менен чктешип бири бирине даана көрүнөт. Мындай жерлер Базар-Коргон, Ноокен райондорунда, Шамалды-Сай шаарында бар. Демек Өзбекстан каалаган күнү кыргыз жолдорун тосуп чыкчу жерлер жүздөп саналат. Ошондуктан өзбек-кыргыз чек арасы чечилмейинче түштүк аймак кооптуу бойдон кала берет. Бирок түпкүлүгүндө экономикалык көз караш менен карасак өзбек-кыргыз алакасын жакшыртуу үчүн чек ара тосмолорун алып салган эки элдин тархый кызыкчылыгына төп келет. Мында чек арада жайгашкан жалпы Фергана өрөөнүндөгү калктын эзелки мүдөөсү ишке ашмакчы.

Келдибек НАЗИРОВ

Булак: “Жаңы Агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: