Тажикстан президенти Эмомали Рахмон өкмөт жыйынында “Тажик Эйр” авиакомпаниясынын ишин сынга алды. Ал өлкөдөгү эң ири жүргүнчү ташыган “Боинг 767-332” учагын сатып алууда коррупцияга жол берилген деген маалыматтарды текшерүүнү тапшырган.
“Тажик Эйр” компаниясы “Боинг 767 -332” учагын 2016-жылы сатып алган. Учак 1987-жылы чыккан. Анын колдонуу мөөнөтү 30 жыл.
Каржы көзөмөлү жана коорупция менен күрөшүү агенттиги Рахмон “Тажик Эйр” компаниясынын ишин текшерүүнү тапшырганын тастыктады.
Авиакомпания жетекчилиги кызматкерлерге үч ай маяна бербегени, аэропорт акысы убагында төлөнбөгөнү жана күйүүчү май менен камсыздалбаганы үчүн да жеме уккан.
Өлкөдөгү жалгыз улуттук авиакомпания начар кызмат көрсөтөт деп дайыма сынга кабылып келет. Тажикстанда кабыл алынган мамлекеттик программага ылайык, “Тажик Эйрдин” акцияларынын бир бөлүгү жеке колго өтүп, эскирген 21 учагы сатыкка коюлушу керек.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ