Алматы облусунун Иле районунда жайгашкан «Ашыбулак» курулуш базарында өрт чыгып, натыйжада 40тан ашык контейнер күйүп кетти. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 4-декабрь күнү эртең менен өрт өчүрүү кызматына базардын аймагындагы тилсиз жоо тууралуу кабар келип түшкөн. Болжол менен саат сегиз жарымда өрт толугу менен өчүрүлгөн. Каза болгон жана жабыркагандар жок.
Басма сөз кызматы маалымдагандай, мындан тышкары, 4-декабрга оогон түнү Актау облусунун өнөр жай аймагында дагы өрт чыгып, бир кампа күйүп кеткен. Өрт тууралуу кабар саат экиде келип, толугу менен саат алтыда өчүрүлгөн. Каза болгондор жана жабыркагандар жок. Бул эки өрттүн тең келип чыгуу себептери аныктала элек.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ