«Sport АКИpres
Баш калаанын “Дордой” футбол клубунун жана Кыргызстандын улуттук курамасынын жарым коргоочусу Кайрат Жыргалбек уулу “2018-жылдын мыкты футболчусу” аталды.
Футбол чөйрөсүндөгү мыктыларга FFKR Football Awards 2018 сыйлыгын тапшыруу аземи кечээ, 5-декабрь күнү Бишкек шаарында болуп өттү. Бул тууралуу КРФФнын басма сөз
2018-жылдын мыкты футболчусу наамына К.Жыргалбек уулунан сырткары, анын клубдашы Бекжан Сагынбаев менен польшалык “Тыхы” клубунун оюнчусу Эдгар Бернхард да талапкер болгон. Акыры 30 адамдан турган КР футбол федерациясынын атайын комиссиясы К.Жыргалбек уулун “мыкты” деп тапкан.
Эске салсак, 2015-жылдын мыкты футболчусу болуп Антон Землянухин, ал эми 2016-жылдын мыкты футболчусу болуп Валерий Кичин аталган болчу. Ал эми 2017-жылы бул сыйлык эч кимге ыйгарылбай калган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ