Menu

 “Өнүгүү-Прогресс” партиясы Жалал-Абадда мамлекеттик кызматкерлерге административдик басым болуп жатканын айтып чыкты.

Бөлүшүү:

Бүгүн “Өнүгүү-Прогресс” партиясы коомчулукка төмөндөгүдөй билдирүү жасады: – “Мугалимдерге, дарыгерлерге, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлерине! Өнүгүү-Прогресс партиясы ушул жылдын 28-майында Жалал-Абад шаардык кеңешине боло турган шайлоодо «КР шайлоолору жөнүндө» мыйзамында бир катар бузуулар болуп жаткандыгын аныктады. Жеринде биз көрүп жана маалымат алып тургандай, айрым мамлекеттик мекемелердин жетекчилери өздөрүнүн кызматкерлерине басым жасап жатышат.” Бул туурасында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын секретариаты маалымдады.

“Эгер сиздин эркин добуш берүүңүз бузулуп жатса, же сиздин кесиптешиңизге кандайдыр бир басым жасалып жаткандыгын байкасаңыздар, коркпогула, сиздин укугуңуз Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен корголгон. Биз сиздерге юридикалык жардам көрсөтүп, сиздердин конституциялык укугуңуздарды коргоп берүүгө даярбыз. Биз шайлоо процессиндеги мыйзам бузууларды аныктап, аларды сотко жеткиребиз”- деген сөздөр билдирүүдө айтылууда.

Эскертип кетсек, Жалал-Абад шаардык кеңешине шайлоо 2017-жылдын 28 май айында өтмөкчү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: