Өткөн жумада КСДПнын мүчөсү, “Айкөл Ала-Too” бирикмесинин төрагасы Мээрбек Мискенбаевдин президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, аны үй-бүлөлүк башкарууга жол бербөөгө, Жогорку Кеңештеги иниси, КСДП фракциясынын мүчөсү Асылбек Жээнбековду депутаттык мандатын тапшырууга чакырган эле. Бул билдирүүсүнө жооп кылып Асылбек Жээнбеков Мискенбаевдин айткандарын “чагым” деп атап, мандатын тапшырууну бир гана эл талап кыла алаарын айтып, “Президенттин ишине эч кийлигише албайм, Бакиев менен Акаев баарыбызга сабак болушу керек”, – билдирди.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ