“Түрмөдөн чыкканда мага айтып беришти: Путин мен тууралу Атамбаевден сураган экен, албетте менин Путин менен байланыштарым бар, ортодо досторубуз бар, ошолор айтып беришти. Мен самолетто Атамбаевден “Путин мен тууралуу сурады беле?” деп сурасам, ал “ооба” деп жооп берди. Мен да таң калдым”, – деп билдирди бүгүн, 6-декабарда Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев журналист Бермет Букашеванын “Секреты власти” телеберүүсүндө.
“Атамбаев “Ооба, Путин сен тууралу суранганда мен Данияр Нарымбаев менен Аида Саляновага тапшырма бергемин” деп айтты. Алар болсо тескерисинче: “аа, мунун ал жакта да байланыштары болсо анда биз муну “сийдирели” деп катуу жазалашты. Аида Салянова “мага Атамбаев түздөн-түз буйрук берген” деп мойнуна алса анда ал “саясый өлүккө” айланат, ошондуктан ал “Атамбаев мага буйрук берген эмес, баарын өзүм камагам” деп калп айтып жатат. Ал кезде Аида Салянова Атамбаевдин буйругусуз эч нерсе кыла албайт болчу”, – деди Нариман Түлеев.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ