Акыркы кездери ЖМКда Кыргыз Республикасынын тышкы карызынын суммасы өтө көбөйүп кеткендиги, аларды убагында төлөөгө мамлекеттин мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу тууралуу маалыматтар байма-бай жарыяланууда. Ошондуктан, коомчулукта мамлекеттин тышкы карызына байланыштуу кооптонуулар күчөп баратат.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги коомчулукту козуткан карыз маселеси боюнча расмий билдирүү таратып, бул өңүттө ашкере кооптонуунун кажети жоктугун ишаарат кылды.
Министрликтин маалыматы боюнча, Кыргызстан эгемендик алган күндөн тарта мамлекеттик карыздарды өз убагында, толук төлөп келе жатат. Карыздарды жабууга каралган акча каражаты республикалык бюджетке киргизилген, төлөө график боюнча жүргүзүлүүдө.
Мисалы, «Moodyʼs» эл аралык рейтинг агенттигинин иликтөөсү боюнча, Кыргыз Республикасы орточо деңгээлдеги карызы бар, аны төлөөгө жөндөмдүү мамлекеттердин катарына кирет.
Мындын тышкары, 2017 –жылдын 31-декабрына карата тышкы карыздар Кыргызстандагы ички дүң өндүрүмдүн 54,0 пайызын түзсө, 2018-жылдын 31-октябрына карата болжолдонгон ИДӨнүн 47,5 пайызына туура келет. А бул көрсөткүч мамлекеттин тышкы карызы кооптуу чекке жете электигин билдирет.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ