Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Түркия Республикасынын парламентинин ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, эки өлкөнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети үчүнчү окууда жактырган.
Эгерде бул долбоор кабыл алынса, Түркияда эмгектенген кыргыз жарандарынын эмгек китепчесине ал жакта иштеген мөөнөтү жазылып, пенсия төлөнөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ