Кечээ, 28-декабрда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын экс-депутаты Музаффар Исаков 7 жылга шарттуу кесилди. Анын ичинен 3 жыл сыноо мөөнөтү катары белгиленди. Чечимди Жалал-Абад облусунун Сузак райондук соту чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Исаков Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда 315 мыйзамсыз токтом чыгарган. Ал 2010-2015-жылдар аралыгында райондук архитектура жана Мамлекеттик каттоо кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, 14,34 гектар айыл чарба багытындагы жерлерди жеке курулуш иштерин жүргүзүүгө мыйзамсыз бөлүп берген (саткан) деп айыпталууда.
Эскерте кетсек, 26-декабрда Сузак райондук соту Музаффар Исаковго карата козголгон кылмыш ишин караган. Анда мамлекеттик айыптоочу экс-депутатты 12 жылга эркинен ажыратуу менен, аны сот залынан камакка алуу өтүнүчүн жасаган.
Ошондой эле, 2017-жылдын 13-февралында башкы прокурор тарабынан Музаффар Исаковго карата “коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ