Menu

Ошто июнь окуясында каза тапкандар эскерилди

Бөлүшүү:

Ушул жылдын 5-июнь күнү «Аалам» саясий париясынын лидерлери Арсланбек Малиев жана Жылдыз Жолдошова баштаган топ Ош шаарында «Энелердин көз жашы» эстелигинин алдында, июнь окуясында каза тапкан, шейит кеткен атуулдарыбызга арнап митинг реквием өткөрүшүп, шаардагы ресторандардын биринде куран окутушту. Белгилүү коомдук ишмер, Акматбек Келдибеков да бул иш чарага катышты.  Бул тууралуу Кyrgyztodayге Ж.Жолдошова билдирди.

“Митингде жабыр тарткандар чечилбеген көйгөйлөрүн айтышты. Көрсө берилген үйлөр, бүгүнкү күнгө дейре менчиктештирилген эмес, кээ бир үйлөргө газ тартылбаптыр, азыркыга чейин денесине ок жаңылган жарандарга батирлер берилбей, алар акыйкатты таппай келгендери өкүндүрөт. Ошондой эле, июнь окуясында катуу жабыр тарткандар ден-соолугунан ажыраганы ырас, бирок аларга Өкмөт тарабынан алгылыктуу көмөк көрсөтүү жагы өксүп атканын айта кетишти. Жетим, же атасынан, энесинен ажыраган балдардын келечегине ким көңүл бурат деген суроолор коюлду. Бир сөз менен айтканда көйгөйлөр чечилбей топтолуп калган, Өкмөт жабыр тарткандардын маселелерине көңүл буруп, чекесинен чечип берүүсү керек деп эсептейбиз.”, – дейт Жолдошова.

Жыйынга чогулгандар Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасап, анда 10-июнду «Мамлекеттин бүтүндүгү сакталып калган күн» деп мыйзам кабыл алып беришин билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: