Menu

Видео – Президент Сооронбай Жээнбеков: “Мугалим, врачтардын айлыктарын көбөйтүү боюнча убадам ырааты менен аткарылат”

Бөлүшүү:

“Мугалимдерге, врачтарга айлыктарды көтөрөм деген убадам ырааты менен аткарылат. Врачтардын айлыктары көбөйтүлдү, эми кийинки кезек мугалимдерде”, – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы кызматына киришкен күндөн тартып, президенттикке талапкер катары элге берген убадаларын аткаруунун үстүндө иштегенин белгиледи.

“Убадаларымдын негизгилери – региондорду өнүктүрүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системасын жакшыртуу, коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүргүзүү. Эл үчүн маанилүү дагы бир убадам бар, ал эсимде. Бул – мугалим, врачтардын айлыгын жогорулатуу”, – деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Ал белгилегендей, айлыктарды көтөрүү үчүн экономиканы жакшыртып, мамлекеттик бюджетке кол салгандарды тыйып, кирешени көбөйтүү керек.

“2018-жылы бул багытта иштедик, калктын турмушун жакшыртуу үчүн зарыл базаны түздүк. 2018-жылдын 1-октябрынан баштап медиктердин айлыгын көтөрдүк. Азыркы этапта үй-бүлөлүк дарыгерлер жана эмчи айымдар, жалпы практикадагы дарыгерлер жана фельдшер-акушердик пункттардын орто медициналык персоналдарынын айлык акысы көбөйдү. Кийинки этапта стационардык медициналык тейлөө кызматкерлердин айлык акысы көтөрүлөт. Бул багытта Өкмөт Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте иштеп жатат», – деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: