Атамбаевчил КСДПнын төрагасынын милдетин аткаруучу Анвар Артыков Атамбаевсиз КСДПнын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов шайлоого катышуу үчүн жасалма документтерди колдонду деп, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылды.
Анын айтымында, Сагынбек Абдрахманов 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга катталып жатып жасалма мөөрдү, кол тамганы, каттоо күбөлүгүн жана партиянын уставын колдонгон.
“Ошол эле учурда, КСДПнын айланасында соттук териштирүүлөр жүрүп жаткандыгына, Сагынбек Абдрахмановдо чыныгы документтер жок экендигине карабастан Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирүүнү кабыл алды. Ал эми биздин Кыргызстандын Социал-демократтар партиясы расмий түрдө БШКга эч кандай кабарлама менен кайрылбаганын билдирет жана партиянын шайлоого катышуу ниети жок,” – деп айтылат арызда.
Муну менен бирге, документтерди жасалмалоо фактыларынын негизинде, партия Борбордук шайлоо комиссиясына “КСДПнын жалган партиясын жана анын жалган төрагасы Сагынбек Абдрахмановду” каттоодон баш тартуу талабы менен кайрылган.
Эске сала кетсек, С.Абдрахманов алгач КСДПчылардын арасында «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын түзүп, анан КСДП партиясынын съездин өткөрүп, анда партиянын төрагасы болуп шайланып, мыйзамдаштырып алган. Тагырагы, Юстиция министрлиги Алмазбек Атамбаев төрагалык кылган КСДПнын төрагасы катары Сагынбек Абдрахмановду былтыр, 18-апрелде каттаган жана партиянын дареги да өзгөртүлгөн. Ал эми экс-президент Атамбаев жана анын тарапташтары муну мыйзамсыз чечим деп келишет. Алар Адилет министрин жоопко тартуу талабы менен Башкы прокуратурага кайрылышкан. Бирок Сагынбек Абдрахманов бардык соттордун баскычтарынан уткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ