Бүгүн, 22-февралда парламенттин «Ата Мекен» фракциясынын өкүлдөрү борбордун чок ортосунда кароосуз бузулуп жаткан Бишкектин мурунку планетарийи тууралуу маселени көтөрүп чыгышты.
Депутат Наталья Никитенко мэриянын өкүлдөрүнөн бул имарат азыр кимге таандык экенине кызыкты. Аткаминерлер эч нерсе билбесин айтышты. Вице-мэр Рыспек Сарпашов бул маселени тактап, Наталья Никитенкого жоопту жазуу түрүндө кийинчерээк берерин билдирди.
Жыйынга катышып жаткан «Наше право» коомдук фондунун жетекчиси Калича Умуралиева планетарийдин имараты Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбековдун уулунун атына эч документтери жок эле менчиктештирилген деп билдирди.
Анын айтымында, азыр жарандык активисттер сотко арыз менен кайрылууга даярданышууда, анткени Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда бул объектти менчиктештирилгендиги жөнүндө документтер жок болуп чыккан.
Калича Умуралиева буга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна планетарий качан жана кайсы негизде сатылгандыгы тууралуу сурап кайрылгандыгын, бирок аталган мекемеде анын менчиктештирилгендиги тууралуу эч кандай документтер болгон эместигин белгиледи.
“Эгер Бишкек планетарийин менчиктештирүү тууралу эч кандай документтер болбосо ал кандай жол менен депутаттын уулунун менчиги болуп калды?” деп суроо салды Калича Умуралиева.
Калича Умуралиева Чыныбай Турсунбековго кат жазып, анда депутаттын уулун аталган объектти борборго белек кылып беришин суранмакчы. Ал объекттин ордуна шаар тургундарына керектүү нерсе курса болот деп эсептейт.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ