Menu

Зарылбек Рысалиев: Менден Батукаевдин кешигин сурашчу болду

Бөлүшүү:

– Зарылбек мырза, Батукаев маселесин Жогорку Кеңеште кайра көтөрүүңүзгө эмне себеп болду?

– Феликс Куловдун «Жаңы Ордо» гезитинин 27-апрелдеги жана 25-майдагы сандарына берген интервьюсун карасаңар. Батукаевдин тегерегиндеги суроолорго жооп берип, «Атаханов Атамбаевге барып, «Батукаевди коё бербейлиби, ал эч кимди өлтүргөн эмес, анан калса оорулуу» деп айтыптыр» дейт. Анан Батукаевди коё берип жатышат. Анан депутаттык комиссия түзүлүп, алар кимди күнөөлөштү? «Рысалиев Кызыл килем төшөп, узаткан» дейт. VIP залга заказ бергенге Рысалиевдин кандай тиешеси бар? Ал жакка депутат, премьер-министр, президентгин, же өкмөттүн чоң кишилери гана заказ бере алышат. VIP залга ГСИНдин автоматчыларын киргизеби? Киргизбейт! Самолет кимдики болгон? Ким канча акча алган? Ошолордун баарынын башында ким турган? Аны депутаттык комиссия караган жок да. Рысалиев мародерчулукка каршы күрөшүп жатканы үчүн эле Текебаев менен Болот Шер ушуну шылтоолоп, мени күнөөлөп, «крайний» кылып коюшту.

– Сиз ГСИНди жетектеген үчүнбү?

– Ии. Мен беш жылдан бери күтүп эле жүрөм, «ак ийилет, бирок сынбайт». Кыргызда сөз бар, «жазасыз калган жалаадан Кудай сактасын» деген. Бул – калп. Бул мага жабылган жалган жалаа. Азыркы башкы прокурор жаңы дайындалды, ал нейтралдуу киши, ага ишеним чоң. Ошон үчүн мен эки күндөн бери айтып жатам. 27-апрелден бери бир айдан ашык убакыт өттү. Эч ким суралган эмес. Куловду, Атахановду, Болот Шерди, мени чакырышкан жок. Бул эмне деген прокуратура?! Бул эмне деген укук коргоо органдары? Алардын басма сөз кызматтары бар. Эртең менен гезитти окуса, жетекчилерине барып, «мобул гезитте мындай материал чыгыптыр, көңүл буралы» деп айтышы керек.

– Балким, бул иш ордунан козголушун каалабай жатышкандыр?

– Каалашпаса, мен аларды тынчытпайм. Кимдин ким экени ачыкка чыгышы керек да. Эл билиши керек. Беш жылдан бери эл караган жүзүмдү жер каратып жүрүшөт. Бир жерге барсам эле «Батукаевден кешик бербейсиңби?» дешет. Бул мени режет, режет… Болбойт да. Калп айтканды, жалаа жапканды кээ бир кишилер экинчи кесип кылып алышкан. Алардын ичкендери аш болбойт. Куса турган маалы келсе керек булардын. Кудай күбө да. Буларды кустуруш керек. Тергөөнүн жыйынтыгы чыгып калса, мен ошонун негизинде аларды миллиондогон сомдорго сотко берем.

– «Браттар» деп кимди айттыңыз?

– Милициянын генерал-лейтенанты Куловду, ИИМдин мурдагы министрлери Атахановду, Болот Шерди. Мен ошол төртөөбүздүн ортобуздагы мамилени айтып жатам.

Керим Мурас

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: