Абылгазиевдин өкмөтү эң чабал өкмөт болуп тарыхта кала турган болду. Азырынча мактана турчу алгылыктуу ишти көргөзө албай убара. Айрыкча, Абылгазиевди сөзгө сөлтүк, кепке кемтик кылган үч министр бар. Олег Панкратов экономика боюнча жарытылуу иш жасай албай олтурса, Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өзүнүн тармагын сазга батырмай болду. Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева билим, илим тармагын талкалап, жаназасын эбак окуп койсо да ордунан кыйшайбай олтурат. Анын түшүнүгү боюнча мамлекеттик маанидеги иш-чарадагы эки ката күнүмдүк көрүнүш катары кабылданат экен. Ушундай министрлер менен кантип иш алдыга жылсын? Буларды эбак эле куу шыпыргы менен шыпырып түшүш керек болчу Абылгазиев. Мындай кадамга анын духу жетпей олтурат. Бул үч министрликтен кутулмайын Абылгазиев коомчулуктун сынынан арылбай калды.
Булак: «Жаңы Ордо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ