Апрель айындагы жөлөк пулдар жана пенсиялар төлөнүп берилген. Ошондой эле айлык акы төлөө маселеси дагы чечилди. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө айлык акы, жөлөк пул жана пенсияларды төлөөдө көйгөйлөр жок.
“Май айында дагы төлөп беребиз. Бул боюнча эч кандай көйгөйлөр жок, бирок июнь айында кыйынчылыктар келип чыгышы мүмкүн”,- деди Абылгазиев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ