Menu

Алмаз Үсөнов: Мен качпайм, качкандар Америкада жүрөт го, саткындарды башка жерден издешсин

Бөлүшүү:

Редакциядан: Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин командасындагы белгилүү адамдардын бири Алмаз Үсөнов тууралуу коомчулукта ар кандай ушактар тарады. Аны айрым массалык маалымат каражаттары “качып кетти” дешсе, айрымдары, “Атамбаевди сатып кетти”- деп каралап жазышууда. Бул туурасында Алмаз мырзанын өзүнө сурообузду узатып, кыска-нуска жооп алдык. Алмаз мырзанын макулдугу жок гезитке жарыялап жатканыбыз үчүн алдын-ала кечирим сурайбыз. Анткени, Алмаз Үсөнов өз ишин мыкты билген адам эле. Ал тууралуу коомчулукта терс пикирлердин айтылышына сөзсүз түрдө жооп болушу керек деп билебиз.

– Алмаз мырза, Сизди качып кетти деп жатышат ошол чынбы?

-Бул атайын заказ! Качкандар Америкада жүрөт го. Биз Бишкекте элебиз. Мен эч жакка качпайм, күлкүнү келтиришпесинчи.

-Бирок элдин баары, “Сизди качып кетиптир, Атамбаевди сатып” – деп жатышат го?

-Саткындарды башка жердей издешсин, айтып кой. Мен эч жакка качпайм. Эмнеге качышым керек, туурабы? Менин өз жолум бар. Ошол жол менен кетем. Бул каралоо атайын заказ! Элге жаман көрсөтүү болуп жатат.

-“Атамбаев сувенир менен чаап, кууп чыгыптыр, ошого таарынып качып кетип калыптыр” – деп айтып, социалдык түйүндөрдө жазып жатышат?

-Ал андай киши эмес, сувенир менен чапкандай. Ушундай ушакты окуп, бир чети жийиркенип, бир чети күлөсүң да айла жок. Дэңгээлдери ушундай болуп жатат…

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: