Үй камагындагы Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранованын мүлкү камакка алынган жок. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бүгүн, 9-январда журналисттерге билдирди.
Эске сала кетсек. Асел Кодуранова “Адамды барымтага алуу” жана “Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу” беренелери боюнча айыпталып, баш коргоо чарасы сотто каралып, үй камагында калтырылган. Былтыр, 27-декабрда Биринчи май райондук сотунда депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова жана КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаеванын иши каралып, алар 2020-жылдын 9-февралына чейин үй камагында калтырылган. Үчөө тең былтыр, 7-8-августта, Кой-Таш айылындагы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин хан сарайында болгон окуяга күбө болушкан жана ага чейин алар ар дайым Атамбаевдин жанында болуп, анын жүргүзгөн бардык иш-чарасына активдүү катышкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ