Menu

Мухаммед Макешов, Өзгөн шаарынын мэринин мурдагы орун басары: “Кызматтан кеткениме өкүнбөйм, тажрыйба топтодум, көп адамдардын чыныгы жүзүн көрдүм”

Бөлүшүү:

Кыргызстандагы кайсы гана шаарга барбайлы жетекчилиги «Мамлекеттен акча бөлүнсө баланча ишти бүтүрүш керек эле» деп олтурушат. Бирок, борбордук казынаны карап олтурбай жергиликтүү бюджеттен шаарды гүлдөтсө болоорун далилдегендер бар. Алардын бири Өзгөндүн мурунку вице-мэри Мухаммед Макешов. Ар кайсы адамдын чөнтөгүнө кетип жаткан салыктарды мэриянын казынасына төктүрүп, болуп көрбөгөндөй ийгиликтерди жасаган. Анын эсебинен мектеп, бала бакча куруп, бир нече чакырым жолдү асфальт төшөткөн. Бүгүн ушул ийгилик жаратып, үлгү көрсөткөн инсан биздин төрдүн коногу.

—Мухаммед Кубанычбекович, сиздин буга чейинки мамлекеттик кызматтарда иштеген жолуңуз мага кызык болуп жатат. Кайсыл мекемелерде иштегенсиз?

—2006-жылдын май айынан октябрь айына чейин Өзгөн аскер комиссариатында бухгалтер-кассир болуп мамлекеттик кызматты аркалай баштагам. Андан кийин Өзгөн райондук каржы бөлүмүндө иштедим. 2009-жылы Өзгөн регионалдык казына бөлүмүнүн киреше жана чыгаша бөлүмүн тейледим. 2016-2017-жылдын февраль айына чейин Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги башкаруу департаментинин директорун милдетин аткаруучу болуп эмгектендим. 2017-жылы Өзгөн шаарынын биринчи вице-мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалып, 2018-жылдын февраль айына чейин кызмат кылдым.

—Мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгына сизди ким алып келген. Кандай жетишкендиктерге жетиштиңиздер?

—2015-жылы Өзгөн шаарына Пратов Саипжан Махаматкабылович мэр болуп шайланган. Бир күнү жумуш аркылуу таанышып калдык. Кызматын баштагандан кийин экөөбүз Өзгөн шаарына кызмат кылалы деп сунуш кылып калды. «Жакшы иштеп, шаарга кызмат кылышым керек. Бюджетти көтөрүп, элге берген убадаларымды аткаруум зарыл. Ошондуктан сен мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгын жетектеп бер деген өтүнүчүн четке каккан жокмун. «Мэр болгонго чейин кандай иштерди жасоону пландасаңыз, анын баарын ишке ашыруу үчүн бюджетти көтөрүүбүз зарыл. Каржы болбосо эч кандай жумуш жасай албайбыз»-деп айттым. Экөөбүз шаардык бюджетке түшүүчү каржы булактарынын көп экендигин талкууладык. Жумушту баштаган соң биринчи ирээт шаардагы ижарага берилген жана берилүүчү жерлерди тактоо үчүн дислокация жүргүзүп чыктык. 2016-жылга чейин төгүлбөгөн ижара акынын эле суммасы болжол менен эки миллиондон ашуун сумманы түзгөн. Бул сумманы далилдеш үчүн эсептөө палатасынын корутундусун чыгарттык. Бул бир эле мисал. Ийгиликтүү иштеп, 2016-жылы Каржы министрлиги тарабынан жеткирилген пландан болжол менен 127%га аткарылды. Ушул эле жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 5 чакырымдан ашуун шаардын ички жолдоруна асфальт төшөлдү. Балдар ойноочу эки аянтча курулду. Өзгөн шаарында борбордук канализация жок болгондуктан көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына заманбап ажатканалар салынды. Шаардын борборуна 1,5 чакырым тапан таш төшөлдү. Мындан сырткары бир топ жумуштар аткарылган. Жетекчилик баштаган жумуштарымды көрүп баалады окшойт. 2017-жылы биринчи вице-мэр кызматынын милдетин аткаруучу кылып бекитип, бир топ иштерди чогуу жасадык.

—Биринчи вице-мэр болуп иштөө бир топ түйшүктүү жумуш. Анын үстүнө салык топтоо дагы чоң азап эмеспи. Кызмат учурунда кыйынчылыктар жаралдыбы?

—Кыйналдым дебейм, анткени менин биринчи максатым шаардын бюджетин көтөрүү эле. Шаар үчүн болгон күч-аракетимди жумшадым. Шаардык бюджеттин 70% пайызы базардан түшүүчү салыктын эсебинен чегерилет. Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорун тейлеген чоң базар бар. Негизги маселе ушул жерде жаралды. Буга чейин базардагы салык төлөөчүлөрдүн жарымы төлөсө, жарымы айрым адамдардын жардамы менен салык төлөөдөн баш тартып келген. Мэриянын салык кызматкерлери менен атайын комиссия түзүп текшергенибизде салыктан качып жүргөндөр көп кездешти. Ошол эле учурда бюджетти көтөрөм деген максатымдын айынан пикир келишпестиктер чыгып, көптөгөн таасирдүү жерде иштеген кишилер мени душман катары көрүп калышты.

—Жергиликтүү бюджетти көбөйткөн соң акчаны кайда короттуңуздар?

—Шаарыбызда бала бакча, мектеп негизги көйгөйлөрдөн болчу. 2017-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 170 орундуу бир мектеп, 120 орундуу заманбап бала бакча курдук. Шаарда дагы бир көйгөй жол тыгындары. Бул маселесин чечүү максатынды асма көпүрө жана шаардын ички жолдорун, мектеп, бала бакчага баруучу жолдорго асфальттоо пландалып баардык жумуштар аткарууга алынды.

—Өзгөн тарыхый шаар, туристтерди тартууга аракет жасачу белеңиздер?

—Туура, Өзгөн шаары көп улуттан турган тарыхый шаар. Шаардын так ортосун Жибек-Жолу кесип өтөт. Жашырганда эмне, азырынча туристтерди тартууга эч кандай шарты жок. Шаардын баш аламан базары, жол тыгын маселесин чечип койсок келген конокторго да жакшы болмок. Шаардын тарыхы боюнча кеңири маалыматтын жоктугу дагы чет өлкөнүн жарандарынын Өзгөн боюнча билбей калуусуна шарт түзүп жатат. Шаардын кире беришине шаарга келген конокторго, туристтерге жакшы көрүнүш болсун деген максатта Жибек-Жолунун тарыхын чагылдырган оймо-чиймелерди жасатканбыз. Жергиликтүү бюджеттен каржылап Өзгөндүн тарыхын изилдетип жаздырайын деген изги тилегим бар эле, ага жетишпей калдым.

—Мэрдин орун басары болуп турганыңызда мыйзам менен салык чогултам деп жергиликтүү кыйындардын «кыжырына» тийип алган учурлар болдубу?

—Менин иш аракетимди көпчүлүк салыктан качкан мыйзамсыз курулуш кылгандар ар түрлүү сөз менен басынтуунун, башкарып алуунун аракетин көрүштү. Салыктын айынан бир нече кыйындар менен тирешүүгө барганбыз. Өзгөндө чоң эле атка минерлердин имараттары салык төлөбөй пайдаланылып жүргөнү ачыкталып, баары менен айтышууга, мыйзам алкагында баарын талап кылып, сотко чейин барууга туура келген күндөрдү баштан кечирдик. Мисалдар аябай эле көп. Ошол убактагы аким Аттокур Тажибаев райондук акимчиликтин маңдайына машина токтотуучу жай кылып иштетип, бирок салык төкпөй келген экен. Акимдигине карабай ал жерди алып, шаардын тургундарына сейил бак жасап койдук. Ошондо тиги аким сөрөй унчукпай калбай, «Сен өзү кимге асылып жатасың. Жумуштан кетесиң, таарынба» деп мени кекетип кеткен жайы бар. Анын сөзү мага эч кандай мааниге ээ эмес болчу. Бул сөзүм менен баардык салык тармагын ирээттеп кеттим деп айтуудан алысмын. Дагы деле толугу менен акчасын бербей, ар түрлүү жолдорду пайдаланып жүргөндөр жок эмес.

—Болбогон бир шылтоо менен орун басарлыктан кетирүүгө мажбур кылганын уктук эле. Ошол кырдаалда сизди мэр коргой алган жокпу?

—Ал мени эмес, өзүн да коргой албай, соттолуп кетпедиби. Өзгөндүн мурунку мэри, азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Нодир Коримов экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктер бар. Нодир Коримов өзүнүн көздөгөн адамын мэр кыла албай калгандыктан айласыз чырдын башын баштап жиберди. Чынын айтыш керек, азыркы күнгө чейин бул тирешүү уланып келе жатат. Парламентте олтурган соң колунда бийлик бар экен, өзүнүн командасын олтургузуп, биздин четке сүрүү максаты ишке ашып, ой-тилегине жетти. Тилекке каршы келечектүү максат менен эмес, убактылуу гана жеңишке жетти десем жаңылышпайм. Келечек алдыда, мезгил баарын көргөзөт…

—Мыйзамдын алкагында эч кимге баш ийбей мыкты иштеп баштаган адамга «баланчанын кадры» деп айта башташчу эле. Сизди да ушундай сөздөр ээрчидиби?

—Мен эч кимдин кадры эмесмин. Сыртымдан эмне гана сөздөрдү айтышкан жок. «Сен Аалы Карашевдин кадры экенсиң. Ал кишинин таасиринен чыга албайсың. Айткандарын эки кылбай аткарат турбайсыңбы» дешчү. Мен Аалы Азимовичти Өзгөндө туулуп өскөн мамлекеттик мыкты саясий ишмер катары тааныйм. Бирок ал мени кызматка дайындап: «Сен иште, коррупциялык иштерден коргойм» деп бир жолу да айткан эмес. Андан кийин «Жээнбеков менен жакшы экенсиң, алар калкалап жатыптыр» деп чыгышкан. Чынын айтканда ал киши мени тааныбайт, эл катары мен өлкөнүн президенти ката-ры тааныйм. Акыркы жолу атын атабай эле коёюн, облусттагы чоң кызматта олтурган адам мени чакырыптыр. Барсам, «сенин ордуңа башка адам дайындалып калды. Мүмкүн болсо башка кызмат караштыра бересиң го» дегенде гана себебин сурабай туруп арыз жазып бергем. Али жашмын, элге кызмат кыла турган күндөрүм Кудай буюрса алдыда. Мен кызматтан кеткениме эч өкүнбөйм. Бир топ тажрыйба топтодум, көп адамдардын чыныгы жүзүн да көрдүм. Мамлекеттик кызматка келе электе «барып кызматка олтуруп таза иштесек болот» деген ойдо жүргөм. Көрсө чоңдордун колдоосу жок бир дагы пландар ишке ашпасына көзүм жетти. Мыйзамсыз нерселерге чоңдор өзү гана түртөт. Анан айрымдар: «Мамлекеттик система жаман, ошого өнүкпөйбүз» дей беришет. «Мамлекетти тоногула» деген система жок да. Ар бир мамлекеттик кызматкер кандай даражада турганына карабай, мамлекет үчүн деп абийир менен иштесе, Кыргызстанды гүлдөтүп койсо болот. Тилекке каршы өлкө өнүгүп, коррупция жоюлсун дегендер аз, талап-тоноого келгендер көп болуп кетишүүдө.

—Вице-мэр болуп турганда кандай иштерге жетишпей калдыңыз?

—Өзгөндө шаардын бюджетинен каржыланган чоң сейил бакты чарбалык эсепке өткөрөлү дегенбиз. Мындан сырткары Өзгөндө эң чоң маселе бул тазалык кызматы. «Шаарды тазалоо үчүн тазалык кызматын жеке ишкерлерге берели. Биринчиден бюджет үнөмдөлөт. Экинчиден сөзсүз түрдө таштандыларды кайра иштетүүчү чакан завод ачабыз деген ишкерлер абдан көп» – деген идеяны сунуштап жаткам. Дагы бир жакшы максатыбыз шаардык бюджеттин эсебинен жүздөгөн орундуу тигүү цехин ачууну пландап жатканбыз. Бир нече кыз-келиндер жумуш орун менен камсыз болмок. Өндүрүлгөн товарларды Россияга экспорттоп, анын ордуна атайын техника алып келүүнү пландаштырганбыз. Тилекке каршы ишке ишке ашыра албай калдык.

—Ар бир шаарда жаштарга жер алып, үй салуу маселеси курч бойдон турат. Өзгөндө бул маселе жолго коюлганбы?

—Бул маселеден Өзгөн деле артта калбайт. Учурда 5 миңден ашуун адам кезекте туруп, үй салабыз деп күтүп жатышат. Буга көп деле каражат кетпейт. Компанияларга коммуналдык тейлөө маселесин эле чечип берсек, көп кабаттуу үйлөрдү салабыз дегендер четтен чыгат. Бир короодо үч-төрттөн үй-бүлөлүүлөр күн кечирип келет. Бул маселени чечүү жолдору эч кандай кыйынчылык туудурбайт.

—Демек, идеяларыңызды ишке ашыруу үчүн Жогорку Кеңешке келсем деген ниетиңиз бар?..

—Баары Кудайдын буйругунан. Ошентсе дагы ушул убакытка чейин алган билимимди, тажрыйбамды эл үчүн пайдаланууга депутат болуу ниетим бар. Негизи эле мыйзамдар бири-бирине такыр дал келбей, карама-каршы. Мыйзамдарды ирээттештирип, жөнөкөйлөштүрбөсө баардыгы татаал, оор.

—«Саясатта кызыкчылык гана бар» деген сөздү көп угуп калабыз. Сурайын дегеним, саясатта жүрүп дос болуп, кийин сатып кетмейлер, жигитчилик сапаттан тайып кеткендер сиздин турмуш жолуңузда кездешкенби?

—«Саясатта жигитчилик жок, кызыкчылык бар» деп өзүбүзгө жол ачып алганбыз. Жигитчиликтен аттабай, элге кызмат кылган Бекмамат Осмонов, Абсамат Масалиевге окшогон саясатта жүргөн адамдарыбыз болгон. Саясатта түз жүргөн киши интрига, кызыкчылык деген илдеттерден алыс болоорун билем. Мен өзүм дагы тагылган милдеттерди так аткарып, эл алдында жүзүм жарык болушун каалайм. Утурумдук кызыкчылык менен жаман иштерге аралашып, уул-кыздарым, жакындарым, туугандарымдын сөзгө сынып олтурушун элестете албайм. Дал ушул принцип үчүн таза иштеп келдим, мындан кийин да ошол принцип менен иш алып барам. Эл азыр таза жаштарга суусап жатканда катачылыкка жол берүүгө эч кимибиздин акыбыз жок.

—Маегибиздин соңунда үй-бүлөңүз, ата энеңиз жөнүндө айта кетсеңиз?

—Биз төрт бир тууганбыз. Эки иним, 1 карындашым бар. Атам чарба менен алектенсе апам бухгалтер. Мен таята-таэнемдин колунда өскөм. Экөө мени эркелетип, тарбиясын берип, мээримин төгүп чоңойтушту. Экөө тең абдан мыкты, акылман, меймандос кишилер болгондуктан үйдөн конок үзүлчү эмес. Ушундай адамдардын колунда өсүп калганыма Кудайга шүгүр айтам. Өзүмдүн үч уул, үч кызым бар. Учурда жубайым балдарымдын тарбиясы менен алектенип үйдө.

Маектешкен: Сезим Мураталиева

Булак: “Де-Факто”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: