Бүгүн, 4-апрелде абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Искен Афиджанов социалдык тармактарга Текебаевдин абактагы сүрөтүн жарыялады. Коомчулук көптөн бери Текебаевдин абактагы сүрөтүн көрө элек болучу.
Сүрөттү коштоп жактоочу Искен Афиджанов кечээ бир топ коомдук ишмерлер бийлик өкүлдөрүнө жасаган Текебаевдин ден соолугунун начарлашына байланыштуу кайрылуунун текстин жарыялаган. Искен Афиджановдун айтымында бул сүрөт 2017-жылдын декабрында тартып алынган.
Эсиңиздерге сала кетсек, Өмүрбек Текебаев Бишкектеги N47-абакта (ооруканасы бар) жазасын өтөөдө. Бирок Текебаевдин тарапкелери аны Атамбаевдик бийлик эч күнөөсүз эле олтургузуп койду деп айыптап келет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ