Ош облусунун Ноокат районунда жайгашкан Түштүк кыргыз цемент заводу кошумча нарк салыгынан бошотулганына карабастан, өндүргөн цементин Өзбекстанга 2 сом 70 тыйындан экспорттойт, ошол эле учурда, Кыргызстанда 5 сом 10 тыйындан сатууда. Мындай айырмачылык болбошу керек. Мындай баа саясатына жергиликтүү тургундар өтө нааразы. Өкмөт чара көрүүгө тийиш. Монополияга каршы чара көрүү агенттиги кайда карап отурат? Бул тууралуу депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.
Ал эми депутат Эмил Токтошев эмне үчүн темир жол тарифи боюнча маселе ушул кезге чейин чечилбей келатканына кызыкты. Анын пикиринде, ушу тапта Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташтык мамилелери жөнгө салынгандыктан, темир жол тарифин 1 сомго чейин түшүрүү жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл. «Мындай чара ишкерлердин өз жүктөрүн темир жол аркылуу ташуусуна түрткү берет», – дейт эл өкүлү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ