Өзбекстан премьер-министринин орун басары Элёр Ганиев менен Кыргызстан вице-премьер-министри Жеңиш Разаков баштаган өкмөттүк делегациялар 20-апрелде Ферганада жолугушту.
Жолугушууга Өзбекстандан Анжиян, Наманган, Фергана, Кыргызстандан Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын жетекчилери катышты.
Өзбекстан ТИМинин басма сөз кызматы кабарлагандай, тараптар 2004-жылы 24-июлда кабыл алынган Мамлекеттик чек ара жөнүндөгү келишимге кирген жана бул келишимге кирбеген өткөрмө бекеттерине тиешелүү маселелерди талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында протоколго кол коюлду.
Протоколдо 2019-жылдын планы боюнча Кыргызстандын аймагында мамлекеттер аралык чек араларды делимитация жана демаркациялоо боюнча жумушчу топтун кезектеги жолугушуусун өткөрүү макулдашуусу бар.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ