Түркиянын Стамбул шаарында үй кызматкери болуп эмгектенген кыргыз жараны иштеп жүргөн үйүн уурдап-тоноп кеткен. Бул тууралуу haberler.com агенттиги билдирген. Маалыматка караганда, үйдүн кожоюну полицияга арыз менен кайрылып, үй кызматкери баалуу буюмдарды жана сейфтеги акчаларды уурдап кетип, телефон чалууларга жооп бербей, жашырынып жүргөнүн билдирген.
Полициянын айтымында, Е.Т. аттуу Кыргызстандын тургуну кожоюндарынын үйүнөн 16 миң лира, 2 миң доллар, баалуу саат жана кымбат баалуу сумкаларды уурдаган.
Шектүүнү кармоо учурунда үйдөн уурдалган буюм-тайымдардын баары табылган, ал болгону миң лираны коротуп жиберген экен. Ууру сейфтин паролун кожоюндары аны ачып жатканда эстеп калганын айткан.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ