Бүгүн, 10-ноябрда ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин отурумунда Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга узак мөөнөттүү туруктуулук каалады.
“Сиз айткан туруктуулук узак мөөнөттүү, мамлекеттүүлүктүн жана экономиканын өнүгүшүнө пайдалуу болушун чын жүрөктөн каалайбыз” – деди Путин 2021-жылдын башында шайлоону таза жана атаандаштык менен өткөрүү үчүн күчтүү саясий эрк бар экенин айткан Кыргызстандын президентинин м.а. Садыр Жапаровдун сөзүнөн кийин.
Путин белгилегендей, саясаттагы туруктуу кырдаал болбосо, экономикадагы жана социалдык чөйрөдөгү көйгөйлөрдү чечүү мүмкүн эмес.
Жапаров сүйлөп жатканда Путинден аны менен телефон аркылуу сүйлөшүүнү суранды, Путин жакын арада ага чалам деп айтты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ