Menu

Бегимай Кыялбекова: “Эчкилер менен чогуу жашаган үч наристени балдар үйүнө өткөзгөм”

Бөлүшүү:

Жаш өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктарды жана тартип бузууларды алдын алуу иштерин тынымсыз жүргүзүү – келечек ээлери үчүн көрүлгөн камкордук экени маалым. Бул жолу Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүндө жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкери «2018-жылдын мыкты кызматкери» наамына татыган Бегимай Кыялбекова менен учкай маек курдук.

– Бегимай, жумушуңузга байланыштуу эсте калган аянычтуу ирмемдер болсо ой бөлүшө кетпейсизби?

– Ачыгын айтканда, өзүң тейлеген аймакты кыдырып жүрүп, ар түрдүү шартта жашаган үй-бүлөлөрдү жолуктурасың. 2017-жылдын күз айлары эле. Аламүдүн районунун Октябрь айыл аймагында өзүм тейлеген үйлөрдү кыдырып жүрүп, бир эски үйгө келип, дарбазасын каккыласам, ичинен европа улутундагы бир киши чыкты. «Үйдө жаш балдар барбы?» деп сурап, үйүнө кирсем, бир бөлмөдө 3-4 эчки камалып туруптур, кийинкисине кирсем аялы жана эки баласы менен ошол бөлмөдө жатышат экен. Ал эми үчүнчү бөлмөдө бир баласы жатат. Балдардын улуусу 8 жашта, ортончусу 4 жашта, ал эми кичүүсү үч айлык болчу. Үйдүн ичине мал кармалып, чачылган кийимдери жыйналбай, идиштери жуулбагандыктан, үйдүн ичиндеги жыт адам чыдагыс болуп калыптыр. Өздөрү бул шартка көнүп да калган экен. Бирок, кичинекей үч айлык баласы үнүн баспай ыйлай бергендиктен алып карасам, жуундурбагандыктан, денесинин катмар болгон кири балага тынчтык бербей жатканы билинди. Наристенин ошондогу абалын көрүп, ушунчалык боорум ооруган. Ал эми чоң балдары үйүнөн чыгып балдарга кошулбагандыктан, чоочун адамдардан  качып, сүйлөшпөй да калышыптыр. Бул үй-бүлөдөгү үч өспүрүм баланын жашоо шарты тууралуу дароо Аламүдүн районуна караштуу социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнө кабарлап, комиссиялык түрдө карап, үч баланы балдар үйүнө алып кеткенбиз. Ата-энеси экөө тең иштебеит, апасы да оорукчан болгондуктан өткөн жылы соттун чечими менен балдар мамлекеттин карамагына алынган.

Ошол балдардын жашоо шарты, үч айлык наристенин ошондогу абалы эч эсимден кетпейт.

Бекбол Айдаров

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: