Бүгүн, 4-июнга карата Кыргызстанда дагы 28 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан- 15, Ош шаарынан- 4, Ош облусунан- 6, Нарын облусунан- 1, Чүй облусунан- 1, Ысык-Көл облусунан- 1 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 1899га жетти.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен 27 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Оорудан айыккандар:
– Бишкек шаарынан – 24 адам;
– Ош облусунан – 1 адам;
– Баткен облусунан – 2 адам.
Республика боюнча жалпы 1 миң 292 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ