Menu

Темир Сариев, экс-премьер-министр: “Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт демекчи көралбастар көп экен акыры иштен кеттим”

Бөлүшүү:

КР экс-премьер- министри Темир Сариев журналисттер менен жолугуп үч саатка жакын баарлашты. Анда мурдагы өкмөт башчы кызматтан кеткен себебинен баштап, алдыдагы иш пландары, Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр, 2010-жылдын 7-апрелинен кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөттүн ишмердүүлүгү, банк кутучаларынан уурдалган акчаларга тиешеси, премьерминистр катары аткарган иштери, өлкөбүздүн экономикалык абалы, өзү тууралуу коомчулукта айтылып жаткан имиштерге жана башка суроолорго жооп берди.

Мен премьер-министрлик кызматтан кеткенден кийин көпкө чейин унчукпай отурдум, бирок көпкө чыдай албадым. Анткени айрым басылмалар мен тууралуу туура эмес же атайлап каралаган тескери маалыматтарды жаза башташты. Кээ бир гезиттер «Т.Сариев качып кетиптир, жол курулушуна катышкан ишканадан 6 млн. доллар алыптыр, жеп коюптур» деп жазышууда деди.

Андан ары ал сөзүн “Балыкчы-Корумду жолунун курулушу керек эле. Бул жол 10 жыл мурда салынса жакшы болмок. Мени кызматтан кетирүү үчүн шылтоо эмнеден чыкты? Дал ушул учурда “Империягрупп” деген компания документтерин тендердик комиссияга тапшырууда ката кетиргендиктен кирбей калган эле. Азыр баарыңыздар жакшы билгендей, бизде тендер электрондук вариантта өтүп, каалоочулар керектүү документтерин интернет аркылуу жиберишет. Эгер бир эле сөздөн ката кетсе, анда кабыл алынбай калат. Аталган компания боюнча да ушундай ката кеткен экен. Алар ушул катаны оңдоп, анан тендерге катышкан. Дал ушул жагдай мага компрамат катары колдонулду. Эгер мен кызматтан кетпесем жол 1-июлга чейин бүтөт эле” деди.

Ал эми премьер-министр катары Т.Сариев өкмөт башчы катары кыска аралыкта иштеген мезгилде эң оболу коорупция жоюлуп, темирдей тартип орнотулуп, өлкөнүн бюджетине ири суммада киреше түшүрүлгөндүгүн белгиледи. “Биз былтыр бюджеттин киреше бөлүгүнөн 16,5 млрд. сом тапканбыз. Мен кызматтан кеткенде казынада 11,5 млрд. сом калган. Ошондой эле социалдык тармакта бир топ иштер жасалып, 73 мектеп салынды. Ал эми түз инвестициянын көлөмү 1,5 млрд. долларды түзөт. Ошол эле учурда салыктын түрлөрүн азайтып, жеңилдетүүгө жетиштик”  деди.

Учурда Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр боюнча ал 2010-жылы Башмыйзамга киргизилген өзгөртүүгө ылайык, 2020-жылга чейин чыдай турсак жакшы боло тургандыгын белгиледи. “Ооба, азыр Конституциянын тегерегинде ар кандай сөздөр айтылып, тынчсыздануулар болуп жатат. Бирок үчүнчү ирет бийликти өзгөртүүгө жол жок. Анткени биз төңкөрүштүн лимитин түгөттүк. Канткен менен регресске эмес прогресске карай умтулушубуз зарыл. Башаламандык боло берсе артка кетебиз. Конституцияны эмес өзүбүздү өзгөртсөк жакшы болот эле. Азыр Башмыйзамды өзгөртүү боюнча Жогорку Кеңештеги төрт фракция демилге көтөрүп жатат, демек кийин жоопкерчилик да аларга жүктөлөт.

Куран менен Библияны гана өзгөртүүгө болбойт, а башкаларды өз жолу менен өзгөртүш керек.  Ал эми Конституцияга бир аз, 2020-жылга чейин тийбей турсак болот эле. Чындыгында азыр өкмөт башчынын ыйгарым укуктары жетиштүү, бир гана райондордун акимдерин дайындай жана кызматтан ала албайт. Сот, прокуратура боюнча деле башкача болуп кетет деп ойлобойм. Ошондуктан алгач референдум тууралуу мыйзам кабыл алып, андан кийин Конституциялык кеңешме кабыл алыныш керек эле” деди ал.

Мындан тышкары, жол курулушуна байланыштуу чыр боюнча эч кандай коррупцияга аралашпагандыгын айтып, “Мага эч кандай кылмыш иши козголгон жок, болгону эки ирет укук коргоо органдарына көрсөтмө берип келдим. Анда айрым гезиттер жазгандай, алты саат отуруп тердеп-тепчигеним жок. Мени 2010-жылы керек болсо бычактын мизи менен да коркутуу аракети көрүлгөндө корккон эмесмин. Атургай 7-апрелдин алдында камала тургандыгымды билип Москвадан Бишкекке учуп келип камалганмын. Ал кезде өмүрүмө коркунуч бар экендигин, үй-бүлөмө жаман болорун билгем. Ошондуктан бир шылтоо таап Москвада калып калсам да болмок” деди.

Кыргызстандын ЕАЭБге кириши, айыл чарба азыктарынын сатылбай жатышы боюнча мындай деди: “Биз үчүн мындан башка жол жок болчу. ЕАЭБден чыгып кетип кайда барабыз? Бир эле малдын этин сатуу үчүн Европага 50 анализ көрсөтүшүбүз керек. Азыр болгону эки анализ өтпөй атат. Ал эми жашылча-жемиштер боюнча көйгөй жок. Азыр Кантта биздин мал этин Иранга экспорттоп жатышат. Бирок бир эле самолетко 1200 кой баткандыктан балдар айылдарда 1-2 жашар козуларды издеп жүрүшөт. Ошондуктан бизде чоң айыл чарба кооперативдери түзүлүш керек. Анткен менен тигүү өндүрүшүнүн продукциялары толугу менен сыртка экспорттолуп жатат. Ветеринардык лаборатория маселеси жакында чечилет” деди.

Т.Сариев журналисттердин бүйүрүн кызыткан 2010-жылдын 7-апрелинен кийин банк кутучаларынан жоголгон акчаларга эч кандай тиешеси жок экендигин, ал акчалар алгач Улуттук банкка тапшырылып, андан кийин Убактылуу өкмөттүн чечими менен керектүү максатка жумшалгандыгын айтты.

Унгар-Тоо маселеси боюнча буларга токтолуп өттү: «Бул маселеде менин жеке эч кандай тиешем жок. Тээ 1955-56-жылдары Өзбекстандыкы деп таанылган, ага Төрөбай Кулматов кол койгон. Илгери СССР болуп турган убакта бардыгы бир мамлекет болуп жерлер пайдаланууга берилип турган. Бирок союздун тарап кетишин эч ким ал убакта ойлогон эмес. Андан кийин 2006-жылы Бакиев бул маселеге кол койгон. Бирок  Унгар-Тоо маселеси ратификация болгон эмес, маселе каралган эмес. 2013-жылдан бери бул жер Өзбекстанда дагы, бизде дагы такталбаган жер деп аталып келген” деп белгиледи өз сөзүндө Сариев. Ал эми чек ара маселеси негизине бул өтө кылдат иш экенин айтты. Негизи эгемендүү мамлекеттерде чек ара боюнча маселе туулбашы керек. Себеби мамлекет ошол чек ара менен чектелип турат.

Мындан сырткары, экс-премьер маданият, тил маселелерине дагы токтолду жана бул жаатта көйгөй жаралса өтө орчундуу карарын айтты. Эгемендүү Кыргыз мамлекети –  өзүнүн тили, маданияты, каада-салттары, үрп-адаты менен даңкталган, сакталган улуу мамлекет. Бул жаатта кыргыз тилинин өнүгүшү, каада-салттардын сакталышы мамлекеттин негизин түзөт деп белгиледи.

Биз, – деди Сариев, – эң оболу өзүбүздү тарбиялап оңдоону билишибиз керек. Эгерде ушул нерсени адатка айлантып көнүп алсак мамлекет ичинде тартип, туруктуулук орнойт, өлкөбүз өнүгөт.

Ал эми министрликтен эмне себептен кетиришти деген суроого, Темир мырза так жүргөндүктөн, ар бир ишти өз убагында, аягына чыгып, талапты катуу койгондугумдан. Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт демекчи көралбастар көп экен акыры иштен кеттим деп жооп берди.

Сөзүнүн аягында келерки жылы боло турган президенттик шайлоого катышарын жана ага өзүн татыктуу талапкер катары санай тургандыгын, эң негизгиси эл колдоп берерин  билдирип, эгерде мамлекет башчылыгына шайланса эң оболу тартипти катуу сактоодон баштаарын баса белгиледи.

Булак: “Асман плюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: