Menu

Муратбек Азымбакиев, ТИМдин маалымат департаментинин директору: Кыргызстандан узаган мекендештерибиз жоопкерчиликке бекем болушса

Бөлүшүү:

– Муратбек мырза, айтсаңыз, кечээ жакында эле Санкт-Петербургда кыргыз келини өрттөлүп өлдү. Деги эле алысга эмгектенип жүргөн мигранттар арасында акыркы күндөрү өлүм-житим көбөйүп кеткендей…

– Акыркы беш жылды алып карасак, салыштырып көрсөк, баягы эле цифралар сакталууда. Санкт- Петербургдагы келиндин өлүмү эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге деле тиешеси жок. Бул кичинекей бир үй-бүлөнүн чоң трагедиясы. Мисалы, Орусиядагы мигранттарыбыз тууралуу айта турган болсок, 600 миңден ашык кыргыз жарандарыбыз ал жакта эмгектенип жүрөт. Биздин элчиликтерде болсо саналуу гана адамдар эмгектенет. Ошол ар бир-мекендешибиз Кыргызстандан бир кадам узагандан тарта жоопкерчиликти өз мойнуна алышы керек. Бекем, күчтүү, жоопкерчиликтүү болушу шарт. Өз башынын милдетин алышса…

– ТИМ тарабынан ар бир болуп өткөн окуялардын артынан иликтөө иштери жүргүзүлөбү?

– Албетте, окуя катталгандан соң жарандарыбыз кабылган окуя иликтенип, изилдөө иштери жүргүзүлө баштайт. Санкт-Петербургда каза болгон келиндин күйөөсү шектүү катары сурак берүүдө.

– Таксист жигиттин окуясы да ЖМКда катуу талкуу жаратты…

– Такси кызматында жүрүп уктап кеткен Анарбек уулу Чыңгыз мекендешибиздин иши чуу жаратты. Мыйзамдын 264-беренеси менен ал күнөөлүү болуп калды. Кудай колдоп, дагы адамдар каза болгон жок. Бирок анын иши көз көрүнөө кылмыш. Кылмыш катары катталды да. Эми баары жакшы жагына чечилип калсын деген тилектебиз. Кыргызстанда, өз мекенибизде эле эмне деген үрөй учурган кылмыш иштери катгалууда. Бирок чет жерде болгон кырсыктар дароо көзгө көрүнүп калууда. Адамдар эмне болуп баратканына ар бир күнүтаңгалып, жооп издечү болдум.

Жыл сайын ЗООгө жакын «Жүк-200» чет жактан жөнөтулөт

Кыргызстанга «Жүк-200дүн» 90 пайызы Орусиядан келет. Жакындан тарта өкмөт чет жерде каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн ташуунун жолун жөнөкөйлөттү. Сөөктү ташуу үчүн документтердин саны кыскарып, өкмөт 50 миң сом төлөп бермей болду.

Миграция кызматынын маалыматына караганда, АКШдан сөөктү алып келүү 10-12 миң доллар, Түштүк Кореядан 10 миң доллар, Бириккен Араб эмираттарынан 6 миң доллар турат.

Эмне деген эсти эңгиреткен цифралар?! Жаркырап-жайнап, алдына максат коюп, «бир үй-бүлөнү багам, үй-бүлө курам, бир туугандарыма, ата-энеме жардам берем» деген канчалаган жалындаган кыз-жигиттердин сөөгүн тосуп алдык. Бирок, жумушсуздуктан корккон мекендештерибиз баарына кайыл болуп, баардык азапка чыдап эмгектенип келишет. Албетте, бул жумуш ордун түзүп бере албаган бийлик өкүлдөрүнүн чабалдыгы.

Жамиля Нурманбетова

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: