Menu

Армениядагы коррупция менен күрөш күч алды

Бөлүшүү:

Никол Пашинян бийликке келгенден бери, күн сайын кечинде фейсбуктан видеого чыгып, отчет бергенин койгон жок. Реформаларынын көбү коңшу Грузияда Саакашвили ишке ашырган, армяндардын 15 жылдан бери көзүн кызыткан ийгилигин кайталап атат. Эки жума мурун бир маалда Армениядагы 18 “вор в законе” анан 12 крим авторитет камака алынды. Жеткен коррупционерлердин үйлөрүндө тинтүү жүрүп, бир депутат генералдын үйүнөн ондогон машине, миллиондогон акча табылганы аз келгенсип, мектеп окуучуларына, аскерлерге жөнөткөн жүздөгөн азык-түлүк коробкалар табылганы элдин кыжырын кайнатты. Ушул жуманын башында муруңку президент Серж Саргсяндын иниси камакка алынды. Саргсяндын жансакчысы банк эсептеринен төрт миллион долларга жакын параны накталай кылып алып чыгып бараткан жеринен колго түштү. Бизде дагы ушундай жүрүштөр жакын арада башталса экен.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: