Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенишкен жарандардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту. Чүй облусунун Аламүдүн районунун 37 жаштагы К.С. аттуу жашоочусунун үйүнө кароо жүргүзүү иш-чараларынын натыйжасында кара куурай жыттанган 1 килограмм 174 грамм салмагындагы майдаланган баңгизат табылып алынган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ал эми эскпертизанын жыйынтыгы менен табылып алынган баңгизат 174 грамм салмагындагы “марихуана” баңгизаты болуп чыккан.
Аталган факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңги каражаттарын, акыл-эске таасир берүүчү заттарды, алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоосатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, берип жиберүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.
Азырыкы учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ