Ноокат районунда мындан ары көп кабаттуу үйлөр курулат. Бул жөнүнде Жеке Ишкерлер Ассоциациясынан (ЖИА) кабарлашты.
Маалыматка таянсак, көп кабаттуу үй заманбап курулуш тармагындагы жаңы ыкмалар менен салынат. Анда жер алдындагы унаа токтотуучу жай, лифт, металлопластик терезелер, брондолгон каалгалар, борбордук жылуулук системасы, Чех технологиясы менен курулган агынды сууну тазалоочу система, видео көзөмөл өңдөнгөн артыкчылыктар дагы каралган. Айтмакчы, Ноокаттагы турак жай комплекси жеке ишкер тарабынан демилгеленип, үйлөрдү жыл соңунда пайдаланууга тапшыруу пландалууда.
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ