Menu

Камчыбек Жолдошбаев, депутат: Мекеним үчүн жаным курман, өлкөбүздү кытай карызынан кутултуу үчүн 10 млн сом берем

Бөлүшүү:

Камчыбек Жолдошбаев жакында эле өлкөнүн тышкы карыздары боюнча кабатырланып жана аны кантип кутулуунун жөнөкөй жолун демилге кылып чыкты. Эл өкүлүнүн ою боюнча Кыргызстанда эли, жери үчүн күйгөн патриот азаматтар аз эмес. Анын ичинде бычакка сап ишкерлер болбоду дегенде миллион сом мамлекеттик атайын ачылган эсепке салса эле жоктон көрө жогору болмок деди.

-Камчыбек мырза, биринчи кезекте ден соолугуңузду сурайлы. Бүгүн эртең менен (20-июнь күнү – авт.) Акүйдө жыгылып кеттиңиз, чалындыңызбы же анча-мынча «сеп» этип алдыңыз беле?

– Ден соолукту сураганыңыз жакшы, бирок, «ичип алдыңыз беле» дегениңиз коошпой калды. Анткени, бизде эң жакшы принцип бар: жумуш учурунда бир тамчы да спирттик эмес, жадагалса алкоголу жок сыра ичпейм. Болгону менде подагра деген илдет бар. Өзгөчө оң бутумдун тизеси. Эгер ичкен болсом түштөн кийин жумушка барат белем? Азыр сизге маек берет белем? Мына менин жообум.

– Айтыңызчы, эки жумадан бери эле «мамлекеттин тышкы карызы үчүн миллион сом берем» деп атасыз. Бул түшүнүксүз болуп атат, демилгеби же акчаңыз ашып-ташьш атабы? Же дагы башка себептери барбы?

– Кредит деген кредит. Бул карыз акча. Азыркы учурда тышкы карызыбыз 4 миллиард доллардан ашты. Алган акчаларга жол салабыз, «Датка-Кемин», ТЭЦке, түндүк-түштүк жолу деп, мурунку карыздарды төлөй турган маал да келип калды. Ушул кредиттен кутулбасак болбойт. Кытай эли эч качан бизди кечирбейт. Бул Россия эмес, кээ бирөөсүн кечип койгудай. Менин айтайын дегеним, колунда бар патриот, жеке ишкер балдар бар. Өз ыктыяры менен мамлекеттин карызын төлөөдө жардам берсин деп демилге көтөрүп чыктым. «Көп түкүрсө көл болот, көл толкуса сел болот» дегендей, кыргыз кыргызга гана күйөт. Кыргыз кыргызга гана керек. Ооба, демилге көтөргөнүм чын.

– Сиздин демилгени калайык калк кандай кабыл алып атат?

– Демилге көтөргөндөн бери республиканын бир топ аймактарында болуп келдим. Тиягы Ат-Башы, Нарын, Ысык-Көл, бу жагы Талас, Ош жакта. Баары эле «Камчыбек мырза, азаматсыз. Сиздин демилгени колдойбуз. Болбоду дегенде пенсиябыздын бир айын өлкөнүн карызы үчүн кантип бербейли» дешти. Бу жерде эч бир кыйноо жок. Салык эч ким салбайт. Өз ыктыяры менен гана болуш керек.

– Сизге бирөө да «эмнеге карызды сиз же биз төлөшүбүз керек? Муну жеп-ичкендер кусуш керек» дебедиби, мен ушуну сурап атам?

– Антип айткандар да болду. Алардыкы чын, туптуура. Жеп-ичкендер кусуш керек. Мамлекет андайларды жөн койбойт, кустурат. Менин оюмча, баары ачыкка чыгып, ким канча жегени аныкталат. Ага чейин биз карап отурбай колдон келген жардамыбызды кылалы да. Бир кезде Япония эли, ошондой эле Корея эли аялдарынын алтын сөйкө, шакектерин тапшырып, мойнундагы карыздардан кутулган. Мындай мисалдар толтура. Кыргыз эли мындайда жапатырмак кирип кетерине ишенип турам.

– Жеке өзүңүз канча бергени атасыз?

– Иш алды кылып миллион сом берем. Бу да чек эмес. Демилгем колдоо таап кетсе, бул сумманы 10 эсе көтөрүп, он миллион сом берип коём. Мекеним үчүн жаным курман! Кытайларга элибизди, жерибизди бергиче, акчасын беришибиз керек! Бул ишке өлкө президенти, Жогорку Кеңеш, премьер-министр киришүүсү ажеп.

Бекбол Айдаров

Булак: “Азия ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − 51 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: